"Сары-Өзөн" командасы Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү турниринде финалга чыкты. Жогорку лиганын алкагындагы жарым финалдык беттеште алар Ысык-Көл облусунун "Мурас" командасы менен күч сынашып, 13:3 эсебинде жеңишти камсыздашты.
Оюнда "Сары-Өзөндөн" Элдияр Шахтарбек уулу 4 салым, Кубаныч Султан уулу 3 салым, Бекназар Аматов 2 салым, Сейитбек Анарбек уулу 2 салым жана Эмирлан Жеңишбеков менен Эржан Тургунбаев бирден салым таштоо менен командага жеңиш алып келди.
Ал эми "Мурас" командасынан Назар Кошумбаев 2 ирет өзгөчөлөнсө, Байыш Акылбеков 1 улак салды.
"Сары-Өзөн" командасы Жогорку Лигада финалга чыккан алгачкы команда. Бүгүн ошондой эле "Ынтымак" менен "Бакубат-Талас" командалары "Б" тайпасында финалдык жолдомо үчүн күч сынашат.