"Ынтымак" командасы Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү турниринин финалына чыкты. Жогорку лиганын алкагындагы жарым финалдык беттеште алар "Бакубат-Талас" командасын 9:6 эсебинде жеңип алышты. Оюнда "Ынтымактын" катарынан Майрамбек Рыспеков, Өмүрбек Эсен уулу жана Тойчубек Коргонбаев экиден салым таштаса, Кушчубай Илис уулу, Эржан Төлөбеков жана Нуржан Мелисбек уулу бирден улак салышты.
Ал эми "Бакубат-Талас" командасынан Нурбек Ашымбек уулу 2 ирет өзгөчөлөнсө, калган упайларды Суусарбек Шамбетов, Сыймык Булан уулу, Мааданбек Алтынбек уулу жана Саламат Жанузаков иштеп тапты.
"Ынтымак" командасы Жогорку лиганын финалында "Сары-Өзөн" менен кез келет. Чүй облусунун командасы жарым финалда "Мурасты" 13:3 эсебинде утуп, финалга чыккан. Эске салсак, дал ушул эки команда буга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз турниринде да финалда күч сынашкан. Анда "Ынтымак" 4:1 эсебинде "Сары-Өзөндү" жеңип, мелдештин чемпиону аталган.