Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү турнири уланууда. Бүгүн 40 жаштан жогорку көк бөрүчүлөр оюн көрсөткөн Ардагерлер лигасында жарым финалдык беттештер орун алып, анын алгачкысында "Чүй" командасы "Ысык-Көл" жаатын жеңип алды. Тараптардын оюну күчтүү атаандаштыкта уланып, дээрлик негизги убакыт аяктаганга чейин бир дагы салым жаралган жок. Беттештин бүтөрүнө 5 секунд калганда гана "Чүйдүн" оюнчусу Эрмек Шекитов улак салып кетүүгө жетишип, командасы үчүн маанилүү болгон упайды алып берди.
Муну менен "Чүй" командасы биринчи болуп Ардагерлер лигасынын финалына чыкты. Ал эми экинчи финалдык жолдомо үчүн "Талас" жана "Полотхан" командалары ат салышууда.