"Талас" командасы "Полотханды" жеңип Ардагерлер лигасынын финалына чыкты

"Талас" командасы Ардагерлер лигасынын (40 жаш) жарым финалында жергиликтүү "Полотхан" командасын жеңип, мелдештин финалына чыкты. Тараптардын оюну 10:8 эсебинде жыйынтыкталды. Эми алар финалдык баскычта "Чүй" командасы менен кез келет. "Чүй" жарым финалда "Ысык-Көлдү" 1:0 эсебинде жеңип алган.

Эске салсак, буга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз 2022 турниринде да Ардагерлер арасында дал ушул эки команда кез келген. Анда "Чүй" командасы "Таласты" 4:2 эсеп айырмачылыгында утуп, турнирдин чемпиону болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан