Ош шаарынын “Алай” клубу "АФКнын Кубогу-2014" мелдешине катышат

2013-жылкы сезондо Кыргызстандын ТОП-Лигасынын чемпиону аталган Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу "АФКнын Кубогу-2014" мелдешине катышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.

Бул маалыматка тактоону Азиянын футбол конфедерациясы жакынкы күндөрү киргизет. Негизи, АФКнын Кубогу деңгээли боюнча Азия континентинде 2-орунда турган мелдеш. 

Эске салсак, Кыргызстандын командалары буга чейин Азияда деңгээли боюнча 3-орунда турган АФКнын президентинин Кубогуна катышып келген. АФКнын Кубогуна (УЕФАнын Евролигасынын көчүрмөсү) 32 команда катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан