Бүгүн, 8-майда өткөн "UFC 274" турниринде бразилиялык Чарльз Оливейра Жастин Гэйтжинин үстүнөн мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткенден кийин UFC'нин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов UFC уюмун Чарльз Оливейра менен орусиялык Ислам Махачевдин беттешин уюштурууга чакырды.
"Азыр UFC'де Ислам менен Чарльздын беттешинен өткөн кызыктуу беттеш барбы? Жөн эле бул мушкерлерди 22-октябрда Абу-Дабиге алып келгиле. Талашсыз чемпион аныкталсын", - деп жазды Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Twitter'деги баракчасына.
Бүгүн, 8-майда өткөн "UFC 274" турниринин негизги беттешинде Чарльз Оливейра Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп алды. Бирок бул салмак категорияда чемпиондук кур бош бойдон калды. Себеби Чарльз Оливейра беттештин алдында таразага тартууда белгиленген салмактан оор болуп, өтпөй калган.