Орусиялык мушкер Дмитрий Бивол мексикалык Сауль Канело Альвареске каршы беттешке чыгып келе жаткан маалда чоң экрандан Кыргызстандын желеги көрсөтүлдү.
Дмитрий Бивол чечинүүчү жайдан беттеш өтчү жерге чыгып келе жаткан маалда чоң экрандардан анын сүрөтү менен Кыргызстандын желеги көрүндү.
Дмитрий Бивол менен Сауль Альварестин беттеши бүгүн, 8-майда АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өттү. 12 бөлүккө созулган беттеште Дмитрий Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.