Бокс боюнча орто жеңил салмактагы жеңилбес чемпион Дмитрий Биволго Сауль Канело Альварес менен беттешер алдында Орусиянын желегисиз чыгуу талабы коюлган. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Дмитрий Биволго беттешке Орусиянын гимни жана желегисиз чыгуу талабы коюлган. Мындан улам ал чыгып келе жаткан маалда чоң экрандан Кыргызстандын желеги көрсөтүлүп, мушкер Калифорниянын мушкери катары тааныштырылган.
Дмитрий Бивол менен Сауль Альварестин беттеши кечээ, 8-майда АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өттү. 12 бөлүккө созулган беттеште Дмитрий Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.