Бүгүн, 9-май күнү Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында өтүп жаткан көк бөрү турниринин финалдык беттештери орун алууда. Алгачкы финалдык оюнда "Алай" командасы "Көк бөрү мектебин" 5:1 эсебинде жеңип, Биринчи Лиганын чемпиону болду.
Беттештин жүрүшүндө "Алайдын" оюнчусу Адилет Мамасали уулу көк бөрүдөгү эң кооз деп эсептелген салымдардын бирин жаратты. Ал 2-бөлүктүн 5-мүнөтүндө өздөрүнүн жарым талаасындагы чоң дододо өнөктөшүнөн улакты өткөрүп алды. Андан соң катуу ылдамдык менен атаандаштардын тайказанына келип, улак менен кошо тайказанга тулку боюн таштап, салым салууга жетишти.