Тарых жаңыланды! Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы "Ынтымакты" тактыдан түшүрдү

"Сары-Өзөн" командасы Улуу жеңишке арналган көк бөрү турниринин финалдык беттешинде "Ынтымакты" жеңип, Жогорку Лиганын чемпиону болду. Финалдык оюн күчтүү атаандаштыкта өтүп, беттештин негизги убактысы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюнда "Сары-Өзөндөн" Кубаныч Султан уулу, ал эми "Ынтымактан" Майрамбек Рыспеков бирден салым салышты.

Негизги убакытта жеңүүчү аныкталбагандыктан калыстар "алтын салым" эрежеси менен кошумча 10 мүнөт кошуп беришти. Бирок кошумча берилген мүнөттө да эки тараптан тең эч кандай салымдар жаралган жок.

Мындан улам мелдештин чемпионун аныктоо үчүн оюн калысы буллиттер сериясын белгиледи. Буллиттер сериясында алгачкы жуп болуп Майрамбек Рыспеков (Ынтымак) менен Бекназар Аматов (Сары-Өзөн) чыкты. Анда Майрамбек Рыспеков ийгиликтүү улак таштаса, Бекназар Аматов салымды ишке ашыра алган жок.

Экинчи жуп болуп Рустам Тыналиев (Сары-Өзөн) менен Өмүрбек Эсен уулу (Ынтымак) чыкты. Биринчи болуп аракетке өткөн Рустам Тыналиев ишеничтүү түрдө улак салып кетти. Ал эми анын атаандашы Өмүрбек Эсен уулу да тайказанга улакты салганы менен тең салмактуулукту сактай албай атынан кулап түштү. Мындан улам көк бөрүнүн "булиттер сериясында улак салган оюнчу атынан кулабаш керек" деген жаңы эрежесине ылайык Өмүрбек Эсен уулунун салымы эсептелген жок.

Үчүнчү жуп болуп Сейитбек Анарбек уулу (Сары-Өзөн) менен Тойчу Коргонбаев (Ынтымак) чыкты. Бирок эки оюнчу тең катага жол берип, салымды ишке ашыра алышкан жок.

Ал эми акыркы жуп болуп эки команданын жекеме-жекечилери Кубаныч Султан уулу (Сары-Өзөн) менен Нооруз Раатбек уулу (Ынтымак) чыкты. Бирични болуп Кубаныч Султан уулу мүмкүнчүлүк алып, ийгиликтүү түрдө улак сала алды. Бирок артынан кууп келе жаткан атаандаштын аты тайказандан секирип кетип, Нооруз Раатбек уулу оор жаракат алып калды. Буга байланыштуу анын ордуна Эржан Төлөбеков чыкты. Бирок тилекке каршы улакты тайказанга ыргытарда катага жол берип, упай ала албай калды.

Муну менен буллиттер сериясындагы жалпы эсеп саны 2:1 болуп, "Сары-Өзөн" командасы жеңүүчу деп табылды. Эске салсак, "Сары-Өзөн" командасы "Ынтымак" менен акыркы 3 турнирден бери финалда күч сынашып, жеңе албай келген. Тактап айтсак, былтыр 2021-жылы 31-августта өткөн Президенттин Кубогунда финалда 7:0 эсебинде утулса, быйылкы Нооруз турниринде 4:1 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан