Бишкектин четиндеги көлмөдөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын жанындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.