Кечээ, 27-ноябрда америкалык мушкер Шейн Мозли австралиялык Энтони Мандайнга каршы беттеш өткөрүп, утулуп калды. Бул тууралуу Бүткүл Дүйнөлүк бокс уюмунун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Австралиянын Сидней шаарында өткөн рейтингдик беттеш 6 гана раундга созулду. Энтони үстү-үстүнө чабуул уюштурса, Мозли каршы чабуулда иштеп жатты. 6-раундда ринг аркандарына таянып гана өз бурчуна жеткен Мозли эс алуу убактысында дарыгерлер менен кеңешип, беттешти токтотту.
Эске салсак, бул профессионалдык рингде 56-беттеш өткөргөн Шейн Мозлинин 9-жеңилүүсү болду.