Биз социалдык тармакта

Таласта Спринтер бакты сүзүп, кырсыктан бир адам каза болду

Талас облусунда катталган жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 163-чакырымында Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 1994-жылы туулган Б. уулу А., 1976-жылы туулган К.Т., 1994-жылы туулган Б.уулу.Ш., 2001-жылы туулган О.И., 1989-жылы туулган Н.М. аттуу 5 эркек киши ар кандай жаракат алышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, 2 жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан