Бишкекте өспүрүм бала ден соолукка залал келтиргенге шектелип кармалды. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан белгилешкендей, ал апасына болушам деп колуна бычак алган.
"Окуя тууралуу билдирүү милиция кызматкерлери 14-майда түшкөн. Анда борбордогу Рыскулов көчөсүндөгү мейманканалардын биринин администратору менен мас абалдагы жарандын ортосунда чыр чыккан. Бул учурда администратордун баласы апасына болушам деп колуна бычак алган. Мас абалдагы киши өспүрүмдү көрүп чуркап барганда бычак сайылып кеткен. Жаракат алган жаран Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, ага операция жасалды.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү ресстрине 130-берененин 1-бөлүгү (ден соолукка оор залал келтирүү) менен каттоого алынды.
Ал эми ден соолукка залал келтирген деген шек менен 2005-жылы туулган А.А. кармалып, соттун чечими менен Чүй облусундагы №14 балдар колониясына бир айга камакка алды. Тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.