Жол кырсыгынан улам 4 адам жабыркады. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 28-ноябрда болжол менен 02:40тар чамасында 27 жаштагы Нурдин башкарып келе жатканда Субару Импреза унаасы менен 55 жаштагы Өмүралы башкарып келе жаткан Рендж Ровер унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгы Тыныстанов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол кырсыгынын кесепетинен Субару Импрезанын айдоочусу жана анын ичиндеги 3 жүргүнчү жабыркаган.