Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 20-мартта К.А.А. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан 4 жаран Казакстандын жараны Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп, кайра каттоого мажбурлашкан. Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, аталган ишкерден 20 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагыраагы 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("опузалап талап кылуу") боюнча катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.