Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарында волейбол боюнча республиканын түштүк регионунун клубдар аралык биринчилигинде 4 оюн орун алат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-ноябрда “Динамо УВД” – “Дархан ОшТУ”, “Тримэкс ОшМУ” – “Ош Бажы”, “Динамо УВД” – “Жаш Күч”, “Тримэкс ОшМУ” – “Дархан ОшТУ” командаларынын беттештери болот.
Эске салсак, кечээ, 28-ноябрда аталган мелдеште 5 оюн өтүп, жыйынтыгында Жалал-Абад облусунан келген “Динамо УВД” командасы топтогон упайлардын негизинде лидерлик сапка көтөрүлгөн. Анын эсебинде 4 упай бар. Ал эми “Ош Бажы”, “Дархан ОшТУ” жана “Тримэкс ОшМУ” командаларынын карамагында үчтөн упай бар. Мелдеш жадыбалынын акыркы сабында жайгашкан “Жаш-Күч” командасы 2 упайга ээлик кылып келүүдө.