Сокулук районунда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Сокулук РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, апрель айынын башында Сокулук РИИБине бир нече жаран Сонбүбү аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал WhatsApp аркылуу «Алмаз-Авто», «Алмаз», «Азык түлүк» аттуу топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтышкан.
Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("финансы пирамидаларын уюштуруу") менен катталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1971-жылы туулган А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, акча төлөгөн жарандар артынан дагы адам алып келсе ошого жараша 1200 долларга чейин акча алышарын билдирген.
Бул иш боюнча бүгүнкү күндө ички иштер органдарына 13 жаран кайрылган. Аталган аялдан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге байланышса болот.
Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0312 60 75 67, 03134 5 33 80, 0509 0980 08, 0704 04 40 15, 102.