Аксынын Кара-Башат айылын сел каптады

Аксынын Кара-Башат айылын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.
Ал жерге селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган.
Тилсиз жоодон айылга кандай зыян келгени тууралуу министрлик так маалымат берген жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан