Орусиялык “Анжи” футболдук клубу кечээ, 28-ноябрда УЕФАнын Евролигасынын 5-тур оюндарынын алкагында өз үйүндө молдавалык “Шериф” клубу менен 1:1 эсебинде тең ойноп, мелдештин тайпалык баскычынан ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “Анжи” мелдештин “К” тайпасында 8 упай топтоп, 2-орунду ээлеп чыкты. Бул тайпадан англиялык “Тоттенхэм” 15 упай топтоп, тайпа биринчиси болуп келүүдө. “К” тайпасында молдовалык “Шериф” жана норвегиялык “Тромсе” командалары бар.
Кошумчалай кетсек, “Анжи” өткөн жылы Орусиянын Премьер-лигасында 3-орунду ээлеген. Быйылкы жылдын эсебинен ал 17 оюнда 7 упай топтоп, мелдеш жадыбалынын эң арткы сабында келүүдө.