Тоодо тапанчадан ок аткан тасмасы тараган кыз милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин тапанчадан ок атып жаткан кыздын видеосу тараган. Бул социалдык тармакта талкуу жаратып, милиция иликтөө иштерин баштаган.
Анын жыйынтыгында видеодогу кыз аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тасмадагы травматикалык тапанча дагы алынган.
Анын аты-жөнүн такташканда 22 жаштагы Б.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экени белгилүү болгон.
Ошондой эле кыз менен кошо 37 жаштагы А.Ж. аттуу Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан адам дагы укук коргоо органдары тарабынан алып келинген.
Алдына ала маалыматтар боюнча 5 күн мурун кыз Чычкан капчыгайында тапанчадан ок атып, аны курбусу тартып алган. Ал эми видеону өзү социалдык тармакка жарыялаган.
Учурда бул окуяга укуктук баа берүү иштери жүрүп жатат.