Акыркы сутка ичинде республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 3 өрт кырсыгы болгон. Өрт кырсыгынан каза тапкандар жок. Кырсыктар электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан.