Бишкектин Биринчи Май районундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май районундагы Көк-Чатал көчөсүндө жайгашкан №329 турак үйдөн чыккан өрт саат 11:33тө чектөөгө алынып,12:00дө толук өчүрүлгөн.
Эскерте кетсек, бүгүн, 24-майда Бишкек шаарында Көк-Чатал көчөсүндөгү турак үйлөрдүн бири өрттөнүп жаткандыгы кабарланган.