Кечээ, 28-ноябрда Фучик көчөсүндө жайгашкан Фрунзе заводунун ичиндеги 9-цехте өрт чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик өрткө каршы агенттиги билдирет.
Маалыматка караганда, өрт 14:25тер чамасында чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке баргычакты заводдогу цистернанын ичиндеги мазут күйүп кеткен. Тилсиз жоо электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан.