Кыргызстандык Яна Ляшко Москва шаарында өтө турган “Тайбокс түнү” мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-декабрда өтө турган мелдеште Яна Ляшконун атаандашы орусиялык Кристина Мэд болот. Бул түнү Орусия, Украина жана Беларусь өлкөлөрүнөн келген мушкерлердин рингге чыгары күтүлүүдө.