Чүйдүн Токмок шаарындагы мектептердин биринде 8-класс менен 9-класстын окуучулары мушташып кетишти. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан окуя 25-майда катталганын маалымдашты.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, 26-майда Токмок ШИИБине аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда денесинен ар кандай жаракаттарды алган 15 жаштагы өспүрүм медициналык жардам алуу үчүн кайрылганы кабарланган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 25-майда 8-класс менен 9-класстын балдары мушташып, бири-бирине залал келтиргенин аныкташкан.
"Бул факты каттоого алынып, тергөө иштеринин жүрүшүндө жаңжалга катышкан окуучулардын аты-жөнү такталган. Сурак учурунда алар көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан.
Ал эми 27-майда мушташка катышкан балдардын ата-энелери арыз менен милицияга кайрылышкан. Учурда уруштун бардык жагдайларын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешти маалымат кызматтан.