"Реал Мадрид" клубу Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде "Ливерпулду" жеңип алды. Франциядагы "Стад-де-Франс" аренасында өткөн оюн 1:0 эсебинде падышалык клубдун жеңиши менен аяктады. Беттештин 59-мүнөтүндө Винисиус Жуниор өнөктөшү Федерико Вальвердеден келген топту дарбазага туура багыттап, мадриддиктерге жеңиш алып келген жалгыз голду киргизди.
"Реал Мадрид" муну менен 14-ирет Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды. Бул көрсөткүч аталган мелдештин тарыхында рекорд болуп саналат. Команда бул сезондогу плей-оффтук баскычта "ПСЖ", "Челси" жана "Манчестер Сити" клубдарын жеңип чыккан.
Ал эми башкы насаатчы Карло Анчелотти Чемпиондор Лигасын 4 жолу жеңип алган тарыхтагы алгачкы машыктыруучу болду. 62 жаштагы адис аталган мелдешти буга чейин 2 жолу "Милан" менен (2002/2003 жана 2006/2007), ошондой эле 1 ирет "Реал Мадрид" менен (2013/2014) менен жеңген.
Бул сезондо падышалык клубдун чабуулчусу Карим Бензема турнирдин эң мыкты бомбардири аталды. Ал жалпы 12 беттеш өткөрүп 15 гол киргизди. Учурда франциялык футболчу "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин рейтингинде алдыда келүүдө.