Бишкек ШИИББинин
басма сөз кызматы 23-ноябрда Бишкекте 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кыздын токмок
жеп, ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу кабарлаган. Маалыматка ылайык, бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Дубанаева
Гүлмира кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөө
учурунда Дубанаева Гүлмира Мирананын жеңеси экендиги аныкталган. Ал Мирананы 1 айдан бери карап, бул убакыт
аралыгында ымыркайдын өмүрүнө коркунуч туудурган залалдарды келтирген.
Тергөөчүлөрдүн берген маалыматына караганда Гүлмира Дубанаева Мирананы кар жааган учурда муздак суу куюлган тазикке салып эшикке чыгарып койгондугу,
кирдин суусун ичиргендиги, дубалга башын сүздүргөндүгү дайын болгон. Сурак
учурунда Гүлмира Дубанаева жасаган кылмышын моюнуна алган.
Биз Мирананын ал-абалын
билүү максатында анын энеси Бактыгүл Таштанбековага кайрылып, төмөнкүдөй жооп
алдык.
-Мирананын учурдагы абалы кандай?
-23-ноябрь күнү комага түшкөн. Ошол бойдон өзүнө келе элек болчу. Бүгүн (28-ноябрь)
дарыгерден сурасак, кичине колун, оозун кыймылдатып калды деди. Башка эч кандай
жылыш жок.
-Маалыматка караганда
кызыңыздын биринчи ирет токмоктолушу эмес экен. Буга чейин таяк жегенин билген
эмессизби?
-Акыркы жолу 20-ноябрда
келип, кийимдерин алмаштырып кеткем. Бирок анда анын денесиндеги көктөрдү жакшы
карабай, байкабаптырмын. Көрсө, буга чейин эле уруп жүрүптүр. Бул тууралуу
тергөө иштеринин жүрүшүндө уктум. Булар тууралуу анын (Дубанаева Гүлмиранын)
8-класста окуган сиңдиси айтып берди. Сиңдисине “Бул боюнча мага айтып турсаң
болбойт беле, чоң кыз экенсиң" десем, сизге айта албай койдум” дейт.
-Тергөөдө Гүлмира
Дубанаева “кайним баласын караганым үчүн 2000 сом бермек. Ал бербей койгондон
улам жиним келип сабап салгам” деп айтыптыр го.
-Биз да бул тууралуу
кечээ телевидениеден угуп, таң калдык. Жеңем менен эч кандай келишим түзгөн
эмеспиз. Ал деле “караганым үчүн акча бересиң, бербесең мен карабаймын” деп
айткан эмес. Эгерде айтса, минтип азап тарткычакты кызымды алып, өзүм карабайт
белем.
-Кызыңызды таштап
жатканда сиздерди ээрчичү эмес беле?
-Ээрчийт болчу. Бирок
биз бардык эле балдар ата-энесин ээрчип ыйлашат деген ойго токтолуп кете
берчүбүз.
-Өзүңүз эмне иш
кыласыз?
-Күйөөм экөөбүз тең
автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Ал жер суук болгондуктан, кайнагам “Бул жер суук
экен. Кызыңарга суук тиет. Менин аялым эки баланы карап үйдө отурат. Тамак-ашын
жеткирип турсаң, эки бала менен чогуу чоңойо берет. Жубайым менен сүйлөшүп көрөйүн,
макул болсо үйгө алпар, кантсе да бир тууганбыз го” деген сунушун айткан. Биз
болсо адегенде жубайыңыз менен сүйлөшүп көрүңүз, макул болобу, ошого жараша иш
кылалы дегенбиз. Эртеси кайнагам чалып, "макул болду, үйгө алып келе
бер" дегенинен алпарган элек.
-Дары-дармектерге
каражатты кайдан таап жатасыздар?
-Карызга болсо да акча
таап, эптеп кызыбызды аман алып калуу максатында болгон аракетибизди жумшап
жатабыз.