Поэтерапия: "Көз көрүп, жүрөк согуп турган чакта, Эмнеге бул дүйнөнү дейбиз жалган?"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Дилбара Рысбекова болмокчу.

Дилбара Рысбекова 1980-жылы 28-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында туулган. Калинин айылдагы орто мектепти 1997-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. 2004-жылдан азыркы күнгө чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тили кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү. Жубайы – Азамат Осмонбеков Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу. Жубайлар учурда 1 кыз, 2 уулду тарбиялап келишет.

Кир терезе

Күн чайыттай ачылып, бак-дарактар,
Жашыл өңдү эң бир түркүн түскө бөлөп.
Жарыктык жаз, мынча сулуу иреңиңди,
Көзүм эмес көкүрөгүм кошо көрөт.

Аба таза, салкын илеп, көңүл сергек,
Мындан башка адамзатка эмне керек?
Чымчык сайрап, гүл жыттанган теребелди,
Көз талдырып карай эле бергим келет.

Мунун баары кир терезе артындагы,
Адамдарга бир көз ирмем керек эмес.
Терезеден гана карайт айлананы,
Кир көрүнөт бардык жылуу, жаркын элес.

Адамдан да кирди гана издеп табат,
Соо жүрө албайт, чуулгандуу дүйнө жагат.
Кир айнектен карагансып бул жашоону,
Тазалыкты, жакшы ойду дили чанат.

Сыртка чыксаң, баары сонун, сулуу, таза,
Кир терезе артында камалбагын.
Жок дегенде, форточканы ачып кара!
Табиятка суктансаң, ал - тазарганың.

"2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам депрессияга кабылдым. Ошондо "Ойлонтот орто жаштын өткөөл кези" деген биринчи ырымды жаздым. Карап көрүп, өзүмө ыр жазуу абдан жакын экенин баамдадым, ошондон бери бошогон учурда жазып жүрүп, бир топ ыр болуп калыптыр".

Гүлчамбар жасайм өткөн күндөрүмөн

Арбаламын элестердин кербенине,
Чыга албай ойлорумдун чеңгелинен.
Жылмаюу менен эстеп баскан изди,
Гүлчамбар жасайм өткөн күндөрүмөн.

Жакшысын иргеп сактайм жүрөгүмдө,
Башкасын алып таштайм чын көңүлдөн.
Жибитип мээрим менен эритемин,
Таарынычты, жасалса да зым темирден.

Жашоонун өтүп жаткан жай ыргагын,
Кубануу, эргүү менен кабылдадым.
Он гүлүмдүн беш гүлү жаңы ачылдың,
Суранаарым, кайра куурап жабылбагын.

Берилген мага өмүр бирөө гана,
Жетишсиз жатып алып тилөө гана.
Турмушта эки тизгин, бир чылбырды,
Колго алып, изденемин кайра-кайра.
Өмүрдү түркүн түскө боёп жашоо -
Милдети, менде гана, менде гана!

Ой толгоо

Кең аалам, бүтүн дүйнө, суроо салам,
Мен өзүм кайдан келдим, кайда барам?
Көз көрүп, жүрөк согуп турган чакта,
Эмнеге бул дүйнөнү дейбиз жалган?

Тийген күн, жыпар жыты арчалардын,
Аккан суу, алма-өрүк талчаларың,
Адамдын ыйык асыл сезимдерин,
Жалган деп айткандарга таң каламын.

Жашоого бир жаралдык - ушул белек!
Адамга абийир, намыс, сүйүү керек.
Апаңдын ак сүтүн эмип, жытын искеп,
Жалган деп жар салууга эмне себеп?

Жашачы, эртеңкиге көп кадалбай!
Бүгүнкү шыбагаңдан куру калбай.
Өмүрдүн гүлүн терчи, сүйүү берчи,
Жан дүйнөң бир жарк этсин чыккан айдай!

Сен менен мен

Сен кубансаң, учкум келет көкөлөп,
Кубанчыңды кучагыма бөпөлөп,
Маанайыңды бирөө бузуп салгыча,
Кетким келет сени алыска жетелеп.

Сен кайгырсаң, сооротомун өпкүлөп,
Боор этимен бергим келип кескилеп.
Жүрөгүңдүн жанчылганын байкасам,
Шолоктогум келет жерди тепкилеп.

Сен менен мен чогуу өскөн дарактай,
Өзгөлөрдөн бөлүнгөн бир тараптай.
Келатабыз бул турмушта ээрчишип,
Сен кызганып, мени эч кимге каратпай.

Ушунчалык таянамын өзүңө,
Ишенемин ар бир айткан сөзүңө.
Наадан, мерез же митаамга кабылбай,
Шүгүр кылам сен жолуккан кезиме!

Сагынам

Сагынам назик, сулуу жаштык кезди,
Аны бүгүн бир татына кыз эстетти.
Жоодураган тунук көзү, нурдуу жүзү,
Астейдил жүрөгүмдү чийип өттү.

Алыста, артта калды күлгүн курак,
Жигиттер өтүп кетип, бир бурулат.
Билмексен карап коюп кете берем,
Ошол кез түшкө кирип, миң кубулат.

Канчалык өзүбүздү алдасак да,
Жашка шайкеш тулкубузду кармасак да.
Жүрөктүн түпкүрүндө эңсейт, туйлайт,
Артка карай бир кайрылып барбасак да...

Жер тоголок экен го

Мен ыр жазсам, эми кандай ыр жазам?
Өзүм менен өзүм кээде сырдашам.
Кадимки эле пенделикке алдырып,
"Баспайм" деген жерди кайра миң басам.

Кайда барам, эми кайсы кырды ашам?
Эмне болот бир орундан жылбасам?
Жан дүйнөмө жакпай жаткан адамдан,
Шылтоо таап, качып кеткенче шашам.

Тирүүлүктө кээде жакпайт бир адам,
Адамдардын "маскасына" таңданам.
Көргүм келбей, көңүл чаппай жатса да,
Айласыздан ага карап жылмаям.

Тагдыр деген татаал оюн экен го,
Ойной албай жыгылгандар нечен го.
Көрүшпөйүн деп айланып качсаң да,
Жер үстүндө - жер тоголок экен го!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан