Кыргызстандык калыс Нурдин Букуев Азия Кубогу-2014 мелдешинде калыстык кылат

ФИФАнын калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев Азия Кубогу-2014 мелдешинде Азиянын Батыш аймагында өтүүчү тандап алуу турларында калыстык милдет алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда калыс өзү билдирди. Анын айтымында, мелдешти көзөмөлдөө үчүн Австралия, Таиланд, Малайзия, Иран, Өзбекстан жана Кыргызстандан 7 калыс чакырылган.

Тандап алуу оюндары 8-12-декабрь аралыгында Малайзияда Кувейт, Ливан, Катар, Ирак жана Сауд Арабия курама командаларынын катышуусунда өтөт. 2014-жылы өтө турган Азиянын Кубогунун финалдык баскычына булардын ичинен 3 команда тандалып алынат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан