Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Ишимбай Чунуевге кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйында Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлү Замирбек Үсөнов билдирди.
Чунуев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда. Ал “Кумбел ЛТД” жана “Таш-Булак Шаба” компанияларына байланышкан мыйзамсыз иштерди жасаган деп күнөөлөнүп жатат. “Бул ишти Бишкек шаардык прокуратурасы карап, сотко өткөрүп берди”,- деди Үсөнов.