105 миллион еврого келген Поль Погба "Манчестер Юнайтед" клубунан кетти

Футбол боюнча Франция улуттук курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунан кетет. Мындай маалымат англиялык клубдун сайтына жарыяланды.

"Клубдагылардын баары Погбаны ийгиликтүү карьерасы менен куттуктап, "Манчестер Юнайтеддин" өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет. Биз анын алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалайбыз”, - деп айтылат клубдун расмий сайтындагы билдирүүсүндө.

29 жаштагы Поль Погба 16 жашында англиялык клубдун курамында ойногон. 2012-жылы "Ювентуска" кетип, бирок 2016-жылы 105 миллион еврого англиялык командага кайра кайтып келген. "Манчестер Юнайтед" үчүн ал жалпы 233 оюнга катышып, 39 гол киргизип, 51 жолу голдук пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан