"Дебют". 17 жаштагы Бекназ Алмазбеков менен Эрбол Атабаев "Ак шумкарлардын" катарына кошулду (фото)

Кечээ, 31-майда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын катарына "Галатасарай" клубунда ойногон Бекназ Алмазбеков менен "Динамо Махачкала" клубунда ойногон Эрбол Атабаев келип кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки футболчу тең "Ак шумкарлардын" катарына кошулуп, машыгууну баштады.

Эскерте кетсек, 2005-жылы туулган Бекназ Алмазбеков "Азия Кубогу-2023" тандоо оюндарына карата окуу-машыгуу жыйынына чакырылган эң жаш футболчу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан