Сузакта мас абалында аялын сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды

Сузакта мас абалында аялын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 29-май күнү райондук милицияга А.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Сузак районунун Кызыл-Туу айылында жашаган бир тууган карындашы А.У.ну Айбек аттуу жолдошу уруп өлтүрүп салгандыгын билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын негизинде каза болгон жарандын баш сөөгүндө, колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендиги, ал жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгондугу такталган.

"Шектүү катары суралган учурда А.Д. өзүнүн көрсөтмөсүндө 2022-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 04:00 чамасында үйүндө аялы А.У. менен өз ара сөз талашып кетип, мас абалда болгондугуна байланыштуу уруп койгондугун, андан кийин кайра жарашып алышкандыгын, бирок эртең менен туруп аялын караган учурда ал каза болуп калгандыгын билдирди", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан