Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу расмий түрдө лондондук "Челси" клубунун коргоочусу Антонио Рюдигерди сатып алганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы германиялык футболчу мадриддик клуб менен 4 жылга келишим түздү. Футболчу "Челсиден" "Реалга" эркин агент катары өттү.
Рюдигер "Челсиде" 2017-жылдын июль айынан бери ойноп келген. Быйылкы сезондо футболчу "Челси" клубунда жалпы 54 оюнга катышып, 5 гол киргизип, 4 жолу голдук пас чыгарып берген.
"Челси" клубунун курамында коргоочу Англия Кубогун, Чемпиондор Лигасын, Европа Лигасын, УЕФАнын Супер Кубогун жана Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңген.