ИИМ Жети-Өгүздө “Кумтөр” ишканасына караштуу автоунаалардын барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Айта кетсек, 28-ноябрда митингге чыккан Саруу айылынын тургундары “Кумтөргө” жумушчуларды алып бара жаткан КамАЗды жана “Темза Сафари” үлгүсүндөгү автобусту барымтага алышкан. Окуя Дархан жана Чычкан айылдарынын ортосунда болду. Түшүндүрүү иштеринен кийин унааларды айдап кетип калган тургундар аларды алып келип беришкен болчу.
Факты боюнча бейбашчылык жана автоунааны мыйзамсыз ээлөө беренелери менен кылмыш иши козголуптур. Учурда териштирүү жүрүп жатат.