Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды. Анда коңшу тарап миномёт колдонуп, оор техникаларын чек ара тилкесине тартканы Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан белгилүү болду.
Учурга карата ок атышуу токтоп, бир кыргыз чек арачысы жаракат алганы маалым болду.
"Ок атышуудан Кыргызстандын бир аскер кызматкери жаракат алды, зарыл болгон медициналык кызмат көрсөтүлдү. Учурда жаңжал болгон жерде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык жагдайларды тактоо иштерине көңүл бурушууда", - дешет Мамлекеттик чек ара кызматынан.