Таэквондо боюнча Кыргызстан курама командасы 30-ноябрда Дүшөмбү шаарында старт ала турган Тажикстандын Ачык биринчилигине катышат. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар маалымдашты.
Маалымдалгандай, 30-ноябрда Дүйшөмбү шаарында жаштар жана чоңдор арасында Тажикстандын Ачык биринчилиги старт алат жана ага АКШ, Австралия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Иран мамлекеттеринен 100дөн ашык мушкер катышары күтүлүүдө.