“Фуджин” дүкөндөр тармагынын кожоюнунун өлүмү боюнча сот иши 2-декабрда өтөт

Бишкекте киши колдуу болуп өлгөн “Фуджин” дүкөндөр тармагынын кожоюнунун өлүмү боюнча биринчи соттук отурум 2-декабрда өтөт. Муну 29-ноябрда маалымат жыйында Кытайдан КРдагы элчисинин катчысы Сюй Чжунсинь билдирди. Тергөө иштери бүтүп, иш сотко өткөрүлгөнү айтылды.  

Эскерте кетсек, ишкер ушул жылдын 25-июлунда катуу сабалган абалында шаардагы темир жол вокзалынын жанынан табылып, ооруканадан көз жумган болчу. Шектүү катары бир нече адам айыпталууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан