Алматы: Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда мыктылардын катарына кирди

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында өткөн Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринде эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасы алдыңкы төртүккө кирди.

Кыргыз курамасынан Эрназар Акматалиев менен Бекболот Мырзаназар уулу алтын медаль, Саякбай Усупов күмүш жана Алибек Осмонов коло байге утуп алган.

Муну менен Кыргыз курамасы командалык эсепте төртүнчү орунга жайгашты.

Биринчи орунга 175 упайы менен Казакстан жайгашса, экинчиге 101 упай менен Индия жана үчүнчүгө 95 упайы менен Иран курама командасы жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан