"Эрк бала кезден эле бар". Роман Власов Акжол Махмудовдун жеңиши тууралуу өзгөчө билдирүү жасады

Эки жолку Олимпиада оюндарынын чемпиону, атактуу орусиялык балбан Роман Власов Акжол Махмудовдун Алматы шаарында өткөн эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль жеңгени боюнча пикирин жазды.

"Кандай салмак болбосун, эң башкысы эрк жана мүнөз! Бул сапаттар сенде бала кезден эле бар. Мындан тышкары темир тартип жана күнүмдүк эмгек бекем адам кылат. Жолуңду уланта бер. Мен сенин жеңишиңе өзүмдүн жеңишимдей кубанам!", - деп жазып калтырды Роман Власов Акжол Махмудовдун билдирүүсүнүн астына.

2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өткөн Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринде Акжол Махмудов алтын байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан