"Баарыңыздарга ыраазымын". Кыргыз "Тайсону" Канат Келдибеков спорттогу карьерасын жыйынтыктады

"Тайсон" каймана аты менен таанымал белгилүү кыргыз мушкери Канат Келдибеков спорттогу карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ар бирибиз биринчиден өлкөм мага эмне кылды дебей мен өлкөм үчүн эмне кылдым деген суроо беришибиз керек! Менимче, өлкөмө спорт жактан аз да болсо салымымды кошо алдым.

Бул деңгээлге жеткенге ар бириңиздердин колдооңуздар түрткү бооду. Мен баарыңыздарга ыраазымын", - деген Келдибеков.

Ошондой эле мушкер спортто карьерасын дагы улантуу ниети болгонун, тилекке каршы ден соолугуна байланыштуу жыйынтыктап жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан