Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу Франциянын "Монако" клубу менен футболчу Орельен Тчуаменини сатып алуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мадриддик клуб менен франциялык клуб 100 миллион еврого 22 жаштагы оюнчунун трансфери боюнча оозеки макулдашууга жетишкен. Азыр тараптар мүмкүн болушунча тез арада бардык керектүү кагаздарга кол коюу жана которууну расмий жарыялоо үчүн иштеп жатышат.
Ошол эле учурда "ПСЖ" клубу көбүрөөк акча төлөөгө даяр болсо да, Тчуамени өзү "Реал Мадридге" өтүүнү каалаган. Париждиктер өткөн аптада оюнчу өз оюн ачык айткандан кийин сүйлөшүүнү токтоткон.
Тчуамени "Бордо" клубунун тарбиялануучусу. Ал 2018-жылы "Монако" клубуна 18 миллион еврого өткөн.
Буга чейин атактуу футболчу Киллиан Мбаппе "ПСЖ" клубунан дал ушул Тчуаменини сатып алууну талап кылган.