Ош аэропортундагы бажы кызматкерлери тарабынан 1 килограмм 821 грамм алтын жасалгалары кармалды

Ош аэропортунун бажы кызматкерлери Ош-Стамбул аба каттамындагы жүргүнчүлөрдүн биринин сумкасынан чынжырча жана сөйкөлөрдү табышты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка караганда, кармалган зергер буюмдарынын салмагы 1 килограмм 821 граммды түзөт. Баалуу жасалгаларды М.М. аттуу жаран Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен киргизем деген ойдо айымдардын 3 түгөй бут кийимин таман астына иреттеп каткан. Чек ара кызматкерлеринин кылдат текшерүүсүнүн натыйжасында алтындар табылып, кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
belosnejka1
2013-11-30 17:33:29
Ошто жакшы текшербейт деп ойлогон го
+1
uran001
2013-11-30 18:45:03
Andailardyn kanchasy otot.Bular dolyany bolusho albagango.Sumkalap akchalar chygatko Kytaiga.Karmagan bolso osholordu dele katmait eleda.
0
Beise
2013-12-01 01:25:00
алтын алып келип жанын багайын деген да башка эмне кылат анан
0
aiba91kg
2013-12-01 02:24:21
emi ishtei bashtagan go bazhu kuzmatkerleri
0
ilgez
2013-12-01 08:56:02
кое берсин, эл озун озу багып жатат, чондорго окшоп жебей. озунун мээнети кандай алып келсе да!!!
0
nurali1989
2013-12-01 09:01:52
Алтынды алып, болуп алгыла... Ал адам да меенет менен тапкандыр, мумкун... Анча алтынды уурдап албаса керек... Баажы кызматкерлери, аны алганда еле болушо башташса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан