Ош шаарында тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, июнь айында милицияга 33 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал шаардагы эс алуучу жайлардын биринен денесине жаракат келтирип, буюмдарын тартып алган жарандарга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүүлөр Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочулары (спорттун чеберлери) экени аныкталган.
Шектүүлөрдүн баары аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен бардык шектүүлөргө карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат боюнча бөгөт чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.