Бүгүн, 8-июнда Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо Азия Кубогуна тандоо оюндары старт алды. Анда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Сингапур менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңип алды.
"Ак шумкарлардан" голдорду Валерий Кичин менен алмашууга чыккан Виктор Майер киргизди. Муну менен "Ак шумкарлар" тайпадагы алгачкы үч упайына ээ болуп, Тажикстандан кийин экинчи орунга жайгашты.
Кийинки оюнун Кыргыз улутук курама командасы 11-июнь күнү Мьянма курамасына каршы өткөрөт.