Шопоковдо көчөдөн жансыз дене табылды. Кылмышка шектелип 46 жана 47 жаштагы жарандар кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-июнь күнү саат 11:50 чамасында милицияга Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денесин табышкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон адамдын аты-жөнү аныкталып, ал 1991-жылы туулган З.А. аттуу жаран экени аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1975-жылы туулган А.С. жана 1976-жылы туулган М.В. аттуу жарандар бул кылмышка шектелип кармалышкан.

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 5-июнь күнү жабырлануучу кылмышка шектүүлөр менен биргеликте Гавриловка айылындагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, чыр-чатактан улам бул окуя келип чыкканы аныкталган. Окуядан соң кылмыштын изин жашыруу максатында каза болгон адамдын сөөгүн алып чыгып ыргытышып, үйдөгү кылмыштын изин жок кылганга аракет кылышкандыгы белгилүү болгон", - деп билдиришти Сокулук РИИБинен.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан