Футбол боюнча Эквадор улуттук курама командасы Катарда боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Чили улуттук курама командасынын юристи Эдуардо Карлеццо Эквадордун коргоочусу Байрон Кастильо колумбиялык экендиги тууралуу далили бар экенин билдирген. Ошондуктан ал Эквадор курамасында ойноого укугу жок болчу. Юрист Кастильонун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапкан. Анда ал 1998-жылы ноябрда Эквадордо эмес, Колумбиянын Тумако шаарында төрөлгөндүгү аныкталган.
Эгерде ФИФА уюму чилилик юристтин далилин туура деп тапса, анда Эквадор курама командасы Дүйнө чемпиондугунан четтетилип, анын жолдомосу Чилиге берилет.
Бул маселе боюнча чечимди ФИФА эртең, 10-июнда чыгарат.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу быйыл, 21-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.