“Реалдын” президенти Флорентино Перес футболчу Серхио Рамосту 65 миллион еврого сатат

Мадриддик “Реалдын” президенти Флорентино Перес аталган клубдун коргоочусу Серхио Рамосту 65 миллион еврого сатууга даяр. Бул тууралуу испаниялык басылмалар билдирет.

Маалыматка ылайык, футболчу менен клубдун президентинин ортосунда түшүнбөстүк жакында экөөнүн жолугушуусунда чыккан. Анда 27 жаштагы футболчу айлык маянасын арттырууну суранган. Перес бул тема тууралуу сүйлөшүүдөн баш тарткан. Жыйынтыгында Серхио Рамос клубдан кетерин айткан.

Испаниялык басылмалар белгилегендей, трансферге 65 миллион евро өлчөмүндө акча бере турган болсо, президент футболчуну клубдун элдешкис атаандашы “Барселонага” да сатууга даяр.

Эске салсак, Серхио Рамос клубга 2005-жылы испаниялык “Севильянын” курамынан келип кошулган. Трансфердин суммасы 28 миллион еврону түзгөн. Рамос учурда клубда жылына 5 миллион евро маяна алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
piter93
2013-11-30 17:29:51
Рамос
0
Kozer
2013-11-30 21:59:32
Чыркаш оюнчу дайыма жолтый карточка алат
0
fara2503
2013-12-01 00:27:31
рамос эч жака кетпеш керек деп ойлойм
0
Real_Madrid95
2013-12-01 00:37:24
Ал эч жака кетпейт, Карло Анчелотти: Рамосту сатпайм дедиго.
0
shekerbek91
2013-12-01 00:48:55
Ramostun emgegi oto 4ongo real u4un
0
Aziz_aka
2013-12-01 00:50:24
Убакыт корсотот Сатса деле Реал Кучтуу команда ))))
0
musulmanin
2013-12-01 03:36:55
Real kuchuu oshol Ramostoilor m.n
Satpai ele koibopturda
0
neymar.kg
2013-12-01 17:47:33
Барселонага кетип калса екен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан