АФК Кыргызстанды Тажикстан менен чаташтырды

Азия футбол конфедерациясы (АФК) Кыргызстанды коңшу Тажикстан менен чаташтырды.

Маалыматка ылайык, АФКнын расмий сайтында Кыргызстанда өтүп жаткан оюндар Тажикстанда өткөрүлүүдө деп жазылды. Тагыраагы АФК Азия Кубогуна тандоо оюндарынын жыйынтыгын жарыялады. Анда Кыргызстанда өткөн Тажикстан - Мьянма жана Кыргызстан - Сингапур беттештери Тажикстанда өттү деп жазылды.

"Дөлөн Өмүрзаков стадиону, Тажикстан" деп жазылды АФКнын сайтында.

Белгилей кетсек, Азия Кубогуна тандап алуудагы "F" тайпасындагы оюндар Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан